канчык

китептерде 134 жолу, 7 китепте
  1. Иттин, карышкырдын ошондой эле ит тукумдарына кирүүчү айбандардын ургаачысы.
  2. өт. Аял кишини тилдөө, жемелөө учурунда колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Самаркан, Ташкен, Анжыдан- / Аларга барсам аралап, / Калмакка тийген канчык, деп, / Жайымды угуп түшүнбөй, / Өлтүрүп таштайт өзүбек, / Башымды байлап өзүңө, / Кыргызга мени ала кет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оңолбогон чоң Отор, / Коктукаттын шаарына, / Түшүрүп Бетер жөн койбой, / Курсагы тойор аш болбой, / Сүйүнүп кулак кош болбой, / Баштагыдай чоң Отор, / Жагалданып оштонбой, / Батай менен Катайдын, / Ордосуна барыптыр, / Ууру кылган канчыктай, / Кылмышкер болуп алыптыр, / Сыр алдырбай кишиге, / Ордого кирип барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тапан ханды желмогуз, / Кыз болуп келип алдады, / Баш кишибиз Тапан хан, / Бир канчыкка алданып, / Кылбаган иши калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Капаланып Канчоро, / Акыйа тиктеп ошондо: / — Кабаган канчык, дөбөттөр, / Келипсиңер короого, / Ийиле турган жерим жок, / Ийне-жипче мен болсо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көтүнөн кууп Жалгызек, / Ал канчыкты таппады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →