канча

китептерде 1054 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсенин эсебин, санын суроо үчүн колдонулат.
  2. Көп, бир нече, нечен ирет, далай жолу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачууланып Бекбача, / Өзүңдү өзүң көтөрүп, / Мактанбагын сен анча, / Бойуң тоодой болсо да, / Мен турганда сен канча?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Киши келбейт байкасам, / Келип калса кокустан, / Эл упурап чачылат, / Арада канча киши бар, / Ошонун баары кысылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайда кеттиң кармагын, / Канча желдет жолдош, — деп, / Кан кылбай кийимин алгын, — деп, / Кабакка сүйрөп салгын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчорого Гүлчоро, / Канча акыл кеп берди, / Ала турган жесириң, / Чачыкейди ал, — деди, / Алыңды айтып Сейтекке, / Аман-эсен кал, деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жагалым ыйлап-сыктайт, айласы канча-көнөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →