кантон

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. тар. Майда административдик-территориялык жер бөлүнүшү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сорандык Сошойа, / Жүйрүн дөөдөн үйрөнүп, / Өнөр алып жүргөндө, / Алоокенин чоң уулу, / Алачыктай Коңурбай, / Эсен ханды ээ кылбай, / Кантонду басып киргенде, / Элчилешип Эсен хан, / Сорандыкка караштуу, / Жердин көбүн бергенде, / Кайта келип Сошайа, / Эсен ханга киргенде, / “Жерди бөлүп мен бердим, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Муңгул, манжу биригип, / Хакан менен кас болду, / Муңгул менен манжуга, / Ар жылы берип алымды, / Маанайы какан пас болду, / Кантондогу Эсен хан, / Каканчынга баш болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чын ачуусу келгенде, / Чыгыш түштүк жактагы, / Кантонго чейин баручу, / Каканчынды какшатып, / Чаап алып жануучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Заң кошулуп кытайлар, / Баарысын калган башкарып, / Ошол күнү Коңурбай, / Тактада жаткан чардайып, / Эсен хан деген хан бар, / Эсен хан жаткан козголбой, / Кантон деген шаары бар, / Белгилүү сырткы адамга, / Беш Бейжин деген наамы бар, / Карылып менен Бануска, / Келтирбе, деп, кыргызды, / Күндө жазган каты бар: / Ошол үч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Анда Алмамбет айтты кеп: / — Акбалтанын Чубак — деп, / Эч нерсени көрбөстөн, / Эсиң чыкты чунак — деп, / Жүрүп кетти Алмамбет, / Кантон жакта бир белге, / Барып жетти Алмамбет, / Ал жердеги элдерден, / Алар укту далай кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →