кантала1

китептерде 8 жолу, 4 китепте кантала 2 →
  1. Башка организмдин канын соруп жашоочу кичинекей мите.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаактын каны чубуруп, / Бетте бүтүн калган жок, / Көгала болуп канталап, / Этте бүтүн калган жок, / Найза тийип жырылып, / Тилик-тилик жырыйып, / Көттө бүтүн калган жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түн экиге айланды, / Карап көрсө балбандар, / Карчыт тери канталап / Билектери сойулуп, / Карчыганын балык эт, / Кандар агып чубуруп / Кара бойдон аккан тер, / Былчылдап ылай жуурулуп, / Күн үчүнө өткөндө, / Түн экиге жеткенде, / Түктүүкурттун улугу, / Өзү кешмир уругу, / Куларып деген хан эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ман урушуп, / Биз алыштык бир далай, / Эки күндөн бир жакка, / Келе атабыз дем албай, / Бойдон агып кара тер, / Мыдыр этер шай калбай, / Талкаланып кара бой, / Канталады эт калбай, / Этим жара, сөөгүм сак, / Менин алым ушундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калмактын өтүп тайагы, / Канталап жонуң кан, — деди, / Жылдыз чыккан кезинде, / Көтөрүп кетчүү эки сан, / Аны дагы бербеди, / Алты бөйрөк, үч боорду, / Ороп–чулгап көтөрдү, / Колдон качкан койондой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— деп уйкудан жаңы бошоп, канталаган, сүрдүү көзү жолоочуга кадала түштү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →