кансыра
- Кандын көп агышынан алсыроо, алы кетүү.
- өт. Кан төгүүнү, бирөөнү өлтүрүүнү каалоо, эңсөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кан токтобой кансырап, / Шайманы кетип алсырап, / Көз ачырбай Чакмакташ, / Жана тийди теминип, / Муштап өттү санына, / Найза менен керилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үстү жакта эки-үч күн, / Асты жакта эки-үч күн, / Талаада жатып күнү-түн, / Кансыраган аш ичпей, / Суусу жок кургак сай экен, / Түгөнгөн, кандын ордуна, / Кочуштап ууртап суу ичпей, / Көзүн ачып эр неме, / (Ал Көкжалдын тукуму / Кайраты толук тың…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кылычташкан кармашта, / Кылчайары калбаган: / Кара чоктуу калмактан, / Кансырап өлгөн далай жан, / Канжарлашкан майданда, / Кайаша айтар калбаган, / Каккылашып күнү-түн, / Кармашып эч ким албаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калчанын элин жандырып, / Душмандын бели сынганда, / Туугандын көөнү тынганда, / Телкүрөңдөн түшүрсө, / Кансырап бойдо дарман жок, / Ушунан кетти ошондо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кансырап кайран кабылан, / Көөдөндөн чыкпай жан жатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →