канжыга
- Бир нерсени байлоо, бөктөрүү үчүн ээрдин эки арткы капталына тагылган кайыш боо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чакмакташка бир баатыр, / Ат жеткизди аңгыча, / Ат келгенде Чакмакташ, / Ыргып минди атына, / Кайрып бутун байланды, / Канжыгага жанына, / Найзаны күүлөп сундуруп, / Качырып кирди чамына, / Кудай бетин салбасын, / Таңгуттар чыдап тура албай, / Чакмакташтын каарына, / Казан асса бороктоп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сынган бутун карманды, / Кайра артына айланды, / Канжыгага байланды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эринден тешип эр Чубак, / Талпаңдай басып барыптыр, / Оң жагында канжыга, / Башты байлай салыптыр, / Чубак атын мингенде, / Былк эте албай Көктеке, / Багалчеги майышып, / Араң турат кайышып, / Чечекейи чекчейди, / Бут шилтебей тайышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир сен үчүн башымды, / Канжыгага байландым, / Байатан айткан кебиңе, / Тел болуп башым айландым, / Сейити менен сайышка, / Бекемдеп белим байладым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Үч көрүнүп көзүнө, / Сыр көрсөтүп өзүнө, / Жолунда жатып калбасам, / Була деп буруп алганда, / Канжыгага чалганда, / Колундагы шумкарын, / Эбин таап албасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →