канжар
- Эки жагы миздүү келген, саюуга колдонулуучу чоң бычак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баш байлабай барбаймын, / Барсам алат да бирөө, / Жолоочу катын дедирип, / Ал атакка калбаймын, / Жообуңду уксам айткының, / Кулакка чакпас кеп болсо, / Өзүмдү өзүм жайлаймын, / Канжар салып кардыма, / Тимеле өлүп калбаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…та-кайта сайышып, / Балталашып чабышып, / Балтанын сыртын жарышып, / Кылычты кындан суурушуп, / Кыйкырышып урушуп, / Олпокторун булушуп, / Соотторун жулушуп, / Канжарлашып кармашып, / Кара бойго жармашып, / Калтырбай күчүн арнашып, / Талкаланып тарамыш, / Сөөктөрү зыркырап, / Кабыргалар калбастан, / Калгандай болуп быркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сууруп алып канжарды, / Мууздап пилди салганы, / Пил менен жүрүп кармашып, / Билбей өзү калганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эркек киши болгондон, / Барбады бирөө жанына, / Кыңырак, канжар, кестигин, / Ташка кайрап алышып, / Кескилеп кирди тирүүлөй, / Катындын баары талашып, / Таразага салышып, / Тартып алтын алышып, / Өзөгү сак өлбөстөн, / Канчоро турат кайышып, / Кубалап чыкты аларды, / Гүлчоро, Бакай, Сейитек, / Талаадан келип калышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чачыкейди албасам, / Бооз катының Айчүрөк, / Канжарлап кардын жарбасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →