канжала

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Урушканда, мушташканда же бир нерсеге урунганда оозу-мурду кан болуу, каноо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сен барбагын тил алсаң, / Баш байланып канжалайт, / Тээ Манастын уулу кызталак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Канжалаган Калдыктын, / Айласынан баштайлы.. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дүйшөмбүдөн мен келем, / Кыргызды кырып канжалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кырылган элдин бактына, / Кыргыздан Манас чыгат,- деп, / Кыргыз кылган калмакка, / Кылгылыкты кылат,- деп, / Бооз катын койбой жардырды, / Шамшарынан канжалап, / Андан кала бергенде, / Айылды кечил кайтарды, / Короодо койдой саксактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бойу окшош, өзү окшош, / Кебетеси, кешпири, / Чыккан түгү баары окшош, / Аркар-кулжа текени, / Айдап келет топ-топ-топ, / Карышкыр келсе канчалап, / Тобу менен жоготот, / Бири барып канжалап, / Көкбөрү тобун бөлүнтөт, / Ит төрөсү кумайык, / Баатырлыгын көрүнтөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →