канжа
- Тамеки салып тартууга ылайыкталган чөйчөкчөсү жана түтүгү бар, мүштөк сыяктуу буюм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…пай, / Озуп келген экен, — деп, / Сай буудандар сандалып, / Мүдүрүлүп ыргалып, / Артта калган экен”, — деп, / Териге сыйбай кубанып, / Камсыз болуп калыптыр, / Канжасын колго алыптыр, / Кызыл оттук кытайча, / Кырып алды жер кууга, / Канжасын салып оозуна, / Мойнун буруп караса, / Жаш Айдар өтүп баратат, / Жапыс тумшук туурада,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бешимде Алмаң барыптыр, / Мелчемдүү жерди чалыптыр, / Шашып келген душманы, / Шашкеде кетип калыптыр, / Жаткан жерин караса, / Жаадан калган огу бар, / Канжадан кырып таштаган, / Жолум үйдөй чогу бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канжаны өтүп зардабы, / Жанында киши калбады, / Ысып кетип чекеси, / Качып жолго салганы, / Хан Коңурду жеди, деп, / Кандай болоор теңи деп, / Калгандары турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…йлуу жез канжа, / Түшүп кеткен оозуман, / Өлбөсөм бир күн келем деп, / Кеттим эле элеңдеп, / Сыргагым, түшүп бул жердин, / Чөбүн кайрып ачкын — деп, / Ошондогу канжамды, / Эринбей ала баскын — деп, / Тура калды Алмамбет; / Түшө калган Сыргактын, / Ойуна кетти далай кеп, / “Орнотуп койгон белги жок, / Канжаны түшүп алгын деп, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан Коңурбай чоң Калча, / Алтын найлуу жез канжа, / Туура тиштеп ошондо, / Суудан жылкы сугарып, / Субайын бөлүп чыгарып, / Көөкөрчө кылган чоң күпсөр, / Көт жагында шалп этип, / Жуурканына жамынып, / Бурканына жалынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →