кандырга
- Тоо боорунан өтүүчү кыя жол.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кандырга кирип жол тартып, / Каңгайды көздөй оң тартып, / Каңгырап жаткан тоо менен, / Шаркырап аккан суу менен, / Өрөөнү кеңир төр менен, / Өрдөк кечкис көл менен, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ны тамчылап, / Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулжадай төшүн салынтып, / Аттар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бута атымча калганда, / Бугу кайыш нөкөрү, / Ажыбай хандын жөкөрү, / Суруп белден ыргытып, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келинден бетер жүгүнүп, / Кандыргалап бүгүлүп, / Катындан бетер жүгүнүп, / Олуйазада Кошойдун, / Улуулугун билгизип, / Салам айтып көрүшүп, / Колдун учун өбүшүп, / Эсен-соонун сурашып, / — Жүрү Ажы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канчоро кетти кандырга, / Шумкарын кууга алдырды, / Кубулуп жүргөн каапырга, / Гүлчоролоп чакырды, / Ич күйгөндөн бакырды: / — Бүгүн Чоро үч кылдың, / Айагында күч кылдың, / Ак була көрдүм албадың,, / Алып барып орго салдың..
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бул этектен алыптыр, / Үзөңгү боого салыптыр, / Капталда калды кабышып, / Кандырга атты салышып, / Буттарында үзөңгү, / Карсылдашып кагышып / Чымдуу жерди аңтарып, / Дөмөр башты каңтарып, / Ойулуп кетчү немедей, / Саз солкулдап аз калып, / Ти…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →