кандуу
- Каны бар, кан жуккан, канга боёлгон, кан аралаш.
- Кан төгүлгөн, кыргындуу, кырылган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Курчунду койбой эркине, / Маңгыт Калдык бурады, / Кара сакал Жанайдын, / Өтпөй калды сурагы, / Арзандык менен ал Жанай, / Кол сунса мойун сунабы, / Кандуу майдан курулуп, / Беттешер болду убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылантору ат менен, / Кылычта кандуу дат менен, / Кыйкырыгы таш жарып, / Чигитей күндө топ бузат, / Чигитей үнүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра тунарат, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күң кыламын кызың, — деп, / Көзүнөн аксын кандуу жаш, / Өлбөй туруп себелеп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көзүнөн анын кандуу жаш, / Дайра болуп куйулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →