кандим
- Машыккан, дасыккан, маш болгон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Дабытай мыкты эр экен, / Эр турмайлык шер экен, / Кайраты көптү жапырган, / Караандуу эрдин бири экен, / Качырып найза сайганга, / Агызын канды жайганга, / Кандим болгон неме экен, / Кесилетти кекетип, / Ачаканды кулатып, / Кеп айтары эп экен, / Хан Дабытай, Бактыбай, / Качырышып бет келди, / Найзаларын кагышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ал Кежинин мингени, / Ала качкан мал экен, / Азыраак айбы ал экен, / Бура тартып болгунча, / Бурулуп кайта барганча, / Кандим Шууту жетиптир, / Ажыбай менен Алыбай, / Кутулуп экөө кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– / Хан алдында көп жүрүп, / Кандим болгон Ажыбай, / Алтын саптуу ай балта, / Тубардан кылган жан калта, / Бечеттеген кагазды, / Кош колдоп суна берди эле, / Бечетин жыртып хан Кошой, / Катка көзүн салды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайра тартып Шукшурма, / Капталга муштап өтөөрдө, / Айбалта менен найзасын, / Кагып ийип арстан, / Кандим болгон Көкбука, / Табарсыктын башына, / Муштап өттү Көкбука, / Мүчүп калды Шукшурма, / Найзасы жок колунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Балакеттүү Коңурбай, / Кандим болгон бүркүттөй, / Алгарасын камчылап, / Аркасынан чаң чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →