кандек1
- Иттин кичинекей тукуму.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Туйдурбай бирден чакыртып, / Темир шаанын жакынын, / Чыгарбай үнүн бакыртып, / Терең казып кандекти, / Кылычтап башын чаптыртып, / Үстүнө топо төктүрүп, / Өлүктөрүн жашыртып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
бул жерге, / Келипсиңер биздерге, / Күндүзгү болгон урушта, / Келмек эле Саламат, / Болжошуп койгон кеп эле, / Тар жылганын оозуна, / Ор каздыргын деди эле, / Кандек казып жатабыз, / Саламаттын кеби эле, / Караңгыда калдайып, / Ушул жерге келишим, / Мына ушундай кеп эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кандеке түртүп салдыңбы, / Кайгыга салбай калыкты, / Тапшырып алсаң болбойбу, / Талаада калган шаарыңды,- / Келген элден кеп угуп, / Кетти Жаңжүн деп угуп: / — Улук болбой катып кал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эгин малы болгондо, / Жетишпей суусу калат дейт, / Кандек ойуп жер казып, / Суу чыгарып алат, дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чокмор жерге чабылып, / Чокмор тийген кара жер, / Кандек болуп жарылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →