кандайча
- Нерсенин жөнүн, кандай экендигин, канткендигин билүү үчүн берилүүчү суроо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жиберген киши барыптыр, / Катты бере салыптыр, / Өзү молдо Шоорук хан, / Катты окуп алыптыр, / “Оогандын ханы кандайча, / Чакырып калды мени?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коркпос болсоң,Чойун алп, / Жүгү менен нар айтып, / Алтын, күмүш зар айтып, / Коросон менен испандан, / Кандайча кошун сурадың?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жумушуң жөнү кандайча, / Бардыгын айткын жашырбай, - / Ажыбай анда мындай дейт: / — Буйрук кылып кат берген, / Бузулбас баашам сен болсоң, / Буйрук алып колума, / Булуттан күлүк ат …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Кыйаз алайып, / Эки жагын каранып: / — Балаңды багып ал дейсин, / Жыттайын десем бербейсиң, / Мен кетемин жериме, / Жоботуңду бер дейсиң, / Кандайча айткан кебиң бул?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Хан Айымсулууга ашык болуп, кандайча колго түшүрөрүн билбей, бир күнү Чыныбекти чакырып алып:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →