кандайлык
- Кандай экендик, кандай шартта, абалда болгондук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Угуп билген кабарды, / Кыргыздан келген Кененим, / Бала кезде келиптир, / Кандайлыгын билбеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кармап жүрүп билбеген, / Кандайлыгын Мадыбек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арамзада Тайталаң, / Жалгыз эрдин үнү, деп, / Бир кишиден башкасы, / Түгөл кыргыз өлдү, деп, / Ордосуна кирем, деп, / Өзүм барып келем, деп, / Кандайлыгын билем, деп, / Желип келет элеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өзү билген Алмамбет: / “Мурадил келген экен деп, / Ойлосун шум түлкү” – деп, / Сом темир менен бир салды, / Он колоттуу кең ойдуң, / Кандайлыгын ким билет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Өөрчүп турган Тайбуурул, / Өрү калган Алгара, / Кандайлыктан жетпейт” — деп, / Сынчы Гүлүс чунагың, / Атты карап калды да.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →