кандайдыр
- «Кандай» деген ат атоочтун белгисиз формасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Качкан жоону калдайып, / Катын алат”, дечү эле, / Жатып алыш кандайдыр, / Кеңеш сизде, — деди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кабар угуп Курчун хан, / Сансыз аскер кол жыйган: / «Билсең дагы билбесең, / Чаңбейсенди жердеген, / Намысын колдон бербеген, / Кара сакал Жанайдыр, / Кара сакал Жанайдын, / Бул кылганы кандайдыр?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…нбей тинтип киргенден, / Экөө чыкты бөлүнүп: / — Бүгүн күндүз барабыз, / Күнөкөр баккан неменин, / Башчысына кош колдоп, / Жакшы арактан сунабыз, / Бошоту жолу кандайдыр, / Абдан байкап чыгабыз, / Күүгүм кире барабыз, / Калмактын ылгап атынан, / Элүү бирди мингизип, / Алып келе калабыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бүгүн келди бир нөөмөт, / Эртең кайдан келет — деп, / Кызыталак иттердин, / Кылган иши кандайдыр, / Анык өзүм көрөм” — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошол кезде Байболот кандайдыр, топтун ичинен бир жолу суурулуп чыга түштү да качырып барып, Карабайды камчы менен басып-басып алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →