кандай

китептерде 937 жолу, 10 китепте
  1. Нерсенин түрүн, түсүн, сапатын, касиетин, жөнүн, абалын же башка белгилерин билүү үчүн берилүүчү суроо.
  2. Бири-бирине окшоштуруу, жалпылыгы бар нерселерди өз ара салыштыруу иретинде колдонулат.
  3. Бир нерсенин жөнүн, абалын, сапатын ж.б. өзгөчө белгилеп көрсөтүү (күчөтүү, ашкере жогорулатуу же төмөндөтүү) же ага суктангандыкты, таң калгандыкты билдирүү үчүн айтылат.
  4. «Эч», «ар», «алда» деген сөздөр менен айкашып, тануу, жалпылоо, күдүк (белгисиздик) маанидеги ат атоочторду уюштурат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кужурап барат келгендер, / Үйүнө кетип баратып: / — Кандай болгон жумуш бу, / Акыл-нуска аралаш, / Керээз өңдүү кеп айтып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бешөөң бөлүн, чекке чык, / Урушту байка көз салып, / Чүмкөлсө кара тунарык, / Келерин байка кандай ык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кастык кылган биздерге, / Канчоро менен Чачыкей – / Баштыгын кандай кыларбыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Тамакты кандай ичесиң? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ээ, түлкү дос, өзүмдү-өзүм тиштегендей этим ооруп чыдай албадым, сен кандай амал менен жеп жатасын? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →