кандагай

китептерде 28 жолу, 7 китепте
  1. Тоо теке, багыш сыяктуу териси калың жаныбарлардын терисинен эр сайышта күрөштө кийүүгө ылайыкталып жасалган чалбар шым.
  2. Согушка кирүүчү аттын калың териден жасалган жабдуусу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Көздөрүнөн жырылып, / Темирден түйгөн бүчүлүк, / Баатыр Асыл төрөнүн, / Мылтыктын огу кечпеген, / Найзанын учу тешпеген, / Чапса кылыч кеспеген, / Бутунда шымы кандагай, / Тумарча таккан жүрөккө, / Ичинде кийген күрөөкө, / Тышында олпок тону бар, / Чулганып калып түшө албай, / Олпокто жүргөн оролуп, / Душмандын аткан огу бар, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Тартып койсоң чойулат, / Койо берсең чогулат, / Кандагай деген ушул, — деп, / Тышы теке териси, / Ичи жибек була, — деп: / Буйрук берди арстаның: / — Бол, аттангын, чуба! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кандагай менен чапталуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кандагайы Семеңдин, / Анысы мындай жасалган: / Чоң Ополдо көп теке, / Экитишти багылага бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Душмандан кастык болот, деп, / Кандагай менен каптады, / Кара бойум чаптады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →