канда
- Бир жерин канатуу, кан чыгара коюп жиберүү, уруу.
- Жоокерчиликтеги эски адат боюнча биринчи өлтүрүлгөн душмандын же атайылап союлган малдын канына жоо куралдарын же тууну малып, кан жугузуу, канга боёо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…анастап баатыр бакырды, / Өрттөй көзү кызарып, / Өрдөктөй мойну узарып, / Оозунан тутун буу жанып, / Муштап өттү Калдаңды, / Жаба койуп түпөккө, / Найзанын учу кандалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир атадан эки уул, / Бирин-бири өлтүрүп, / Туу кандаптыр бир чакта, / Ошол кебин унутпай, / Айтылып келет бул чакта: / «Учу бирге жазылат, / Түбү бирге кошулат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кайнап жаткан какандын, / Кара башын нан кылып, / Аралап кетип баратат, / Алдына утур келгендин, / Жалмап кетип баратат, / Калың жерин суйултуп, / Жандап кетип баратат, / Кызыл канды жайнатып, / Кандап кетип баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баарың болгун саламат, / Балага Кыйаз аманат, / Кандабаса атасын, / Балага калат жаман ат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эрди, балам көрбөдүң, / Эрегишип эр сайып, / Эр согушун көрбөдүң, / Кармашып кандап, жоо сайып, / Кармашы чоң көрбөдүң, / Элөөрүп барсаң тил албай, / Эми эле кордук көрөсүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →