канаттуу
- Канаты бар, канатчан.
- Жалпы эле куштар.
- өт. Учкан куштай тез жүгүргөн күлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айдай эне Айчүрөк, / Арыбын айтып адамдын, / Акылы жетпес, сөз жетпес, / Асманда учса канаттуу, / Сууда жүрсө балыктай, / Ар өнөргө санаттуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Саанына бөлдүрүп, / Сүрөгүн алды кыргыздар, / Ээсинин колу тийбеген, / Жүрөгүн алды кыргыздар, / Жарышып шамал жетпеген, / Канаттуу качып кетпеген, / Жүйрүгүн алды кыргыздар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аккула менен Телкызыл, / Акылы малдан эң узун, / Курт-кумурска бүт жандан, / Асмандагы канаттуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атасы Кошой олуйа, / Казатта жүрүп куш салган, / Кобурлуу көнгөн киши эле, / Атадан алып көп үлгү, / Канаттуунун Жалгызек, / Таанып билген иш эле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар экен, / Эки жаккы мүрүдө, / Эшилген ак кыл салаңдап, / Эки канат чалгыны, / Качырда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кайгынын кара булуту, / Канаттуу тулпар миниптир, / Кара нээт Канчоро, / Канжарлап элди кириптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →