канатташ1
- Тилектеш, таламы бирге, боордош.
- Жамаатташ, бири-бирине жакын, коңшу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чала күлүп жөтөлүп, / Канатташмын жакын деп, / Жедигер менен Маңгытка, / Катар өкүм сүрөбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Корооңдо жүрдүм аралаш, / Коңшулаш болуп чамалаш, / Жайлоого чыксак бөлүнбөй, / Канатташ жүрдүк жамаалаш, / Шаар ичине келгенде, / Күн-түнү жок аралаш, / Кайгыда өтүп баратат, / Картайып кеттим кайран баш!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…арбын амал көп, / Ар бир түрдүү иши бар, / Атын айтпайм бул жерде, / Жан алчу жана киши бар, / Алакеңден кеп угуп, / Аскерди санайт, деп угуп, / Олтурган бирге канатташ, / Эсенханга угузуп, / Эки жактан бир кезде, / Барабандар ургузуп, / Эсенхан кетти Бейжинге, / Сандаган элин чубуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Моңгул, казак канатташ, / Казактын эли не болду?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Канатташ жүргөн калкыма, / Кайнаган анжу, манжуга, / Айтпасам сырым бекер деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →