канат1

китептерде 141 жолу, 10 китепте
  1. Куштардын же башка учуучу жаныбарлардын учууга ылайыкталган мүчөсү.
  2. Самолёттун жерден көтөрүлүп, абада учушуна мүмкүндүк берүүчү, эки капталына орнотулган бөлүгү.
  3. Боз үйдүн кереге бөлүктөрү.
  4. өт. Жөлөк, таяныч, өбөк, тирек.
  5. Зымдан же кендир буласынан эшилип жасалган жоон аркан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таланадан айрылдым, / Белдүүдөн калбай баары өлүп, / Канатып сынып кайрылып, / Калмактан тартуу алганда, / Акылымдан айныдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Канатым сынып бүктөлдүм, / Кара арпадай түктөлдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айылда итке түшпөгөн, / Бала келип жанына, / Асылса канат-куйрукка, / Ирмеп көзүн ачпаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Калкалайсын канат жаап, / Каныңды төкчү кишиңди! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кан этти караса, канат менен баш жок. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →