канаат
- Болгонуна, бар экенине ыраазы болгондук, алымсынгандык, каниет алгандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
алсаң кек кылба, / Жакшы көрүп бирөөнү, / Жаман көрүп бирөөнү, / Элди эки бөлүнтпө, / Азыраак ишке көп сүйлөп, / Элге жаман көрүнбө, / Курсагыңды кең салып, / Канаат кылгын бул күнгө, / Булап талап эл бузган, / Кумар ойноп мал чачкан, / Карасынан кан төккөн, / Капташып калса алдыңа, / Шапкат кылба андайга, / Атын тартып, то…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Батыштагы жети дөө, / Куралышты намыстан, / Өлүп кетти баарысы, / Бири тирүү калбастан, / Кененим барды жүйрүнгө, / Калганга канаат кылбастан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ындагы барларды, / Акбалта, Жамгыр, Шыгайды, / Акылга дыкан Бакайды, / Текечи менен Ошурду, / Теңселген зору Манасты, / Байжигит менен Саламат, / Бердике менен Канаат, / Атагы чыккан жолборстор, / Алмамбет менен эр Чубак, / Кылкандай баары азамат, / Кыргыл баштап кырк чунак, / Кычыртып келип бай Жакып, / Этин мыктап тарттыры…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошого чоң канаат кылып, бир кашыктан талкан колубузга тийгенден кийин, Элебестин жанында Бурмаке менен Жумабек гана калып, башкабыз туш-тушка тарап басып кетүүчүбүз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үй ээси жаңкыдай деген соң эмне дейбиз, кардыбыз бөрсөйгөнгө канаат кылып, жылып жүрө бердик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →