камыштуу
- Камыш көп өскөн, камышы калың.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түндү эсепке албастан, / Он бир күнү жол басып, / Камыштуу жерге жолугат, / Камыштуу жерде суу бар деп, / Арасында чуулдак, / Куйалы билет шор көлгө, / Жакын жетти чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кандим экен Кожаалы, / Күү кетирип эшикти, / Какканынан тааныды, / Басар жолун айкындап, / Айтып берди баарыны: / — Түштүктөн аккан кара суу, / Бойу бүткүл камыштуу, / Чок камыштын түбүндө, / Кирүүчү жолуң мына ушу, / Калган жолдун баарысы, / Тикен менен тордолуу, - / Бура тартып Алмамбет, / Суунун келип бойуна, / Кожаалын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кыз баягы тазды ээрчитип, бир камыштуу саздын жээгине алып барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Бала кызды шаркыраган суунун боюна коюп, өзү: "эл аралап, алжайын билип келейин"-деп кеткен мезгилде камыштуу токойдун арасынан бир каман чыга калып пери кызды чалып салды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Санаа тигинин ичин ала баштайт, тигил шашылып камыштуу жерге барып олтура калса, аерден шабыр-шубур деген табыш чыгат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →