камыш
- Саздуу, суулуу жерлерде бийик өсүүчү, учтуу узун жалбырагы бар өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара башың, Кубатай, / Кара тоочо болжодуң, / Камыштын башы шуудурак, / Сени мен как ошончо ойлоном.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эркиндеп өскөн мен камыш, / Сен сууда турган жекенсиң, / Тагдырың ушул белем, дейм, / Сөөгүңдү алар киши жок, / Бул дүйнөдөн кетерсиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыйамына келгенде, / Кыйчалыш өтө бергенде, / Төрө Алмаң акырып, / “Манастап” ураан чакырып, / Камыштан чыкты качырып, / Алмамбет үнүн укканда, / Алактаган Коңтөрө, / Адырайган чоң төрө, / Айласы кетти шашылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сабынан Тапак бек кармап, / Найзамды бербейм деп кармап, / Тарткылашып найзаны, / Чиренишип күч сынап, / Камыш экен бул найза, / Каран калган куу найза, / Камыш туура сынабы, / Ийилбеген шум найза, / Үзөңгүгө тамандап, / Тура калып Сейитим, / Колтугун өөдө көтөрүп, / Же…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айдалып чыккан Чачыкей, / Камышка барат мааналап, / Көлөкө бербей камыштар, / Эттерин тилет чапкылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →