камылга
- Кам көргөндүк, даярдык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…кен жерде Бадыкөл, / Карадөөну шаштырып, / Эки имерип сайышып, / Карадөө калды шашылып, / Карманап чыдап туралбай, / Өзү чыкты ачынып, / Карманапты көргөндө, / Камылга кылып бөлөкчө, / Найзаны булгап күч чыңдап, / Катуу тийди жапырып: / Үч имерип өткөндө, / Өкүрүгү баш жарып, / Кайраты ага тең келбей, / Карманап калды жалтаар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Эңкейип сыртка конуптур, / Күлүктүн баарын байлатып, / Күлгүндүн баарын жайнатып, / Байандоозун бүктөтүп, / Салтанатын баарысын, / Жайлоону карай жүктөшүп, / Камылгасын бүтүрдү, / Манастын эли дүрбөшүп, / Казандай селде чалынып, / Кожо келди бу тойго, / Ханы, беги, карасы, / Кошо келди бу тойго, / Үйдөй чокмор көтөргөн, / Балб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кабыландын Чөндөкө, / Өнөрү журттан бөлөкчө, / Камылгасы тактады, / Таш кылып баарын таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көйкаптагы Банурша, / Абдан толук билчү экен: / — Андай болсо сен, балам, / Энең менен көрүшүп, / Эртелеп кылгын камылгаң, / Эртең жолго чыгабыз, / Нүкүр дөөгө барабар, / Биз да аскер жыйабыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →