камык
- Ысыкта, үп болуп турганда, чарчап. чаалыкканда катуу тердөө, ысылап кыйналуу.
- өт. Капалануу, кайгыга түшүү, санаа тартып, муңкануу, жапа чегүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ду беттеди, / Тоодой болгон Саламат, / Кесилетти чиктеди, / Бактыбайды байкасаң, / Эки көзүн айырбай, / Ачаканды тиктеди, / Кең кула менен Кененим, / Капаланып камыгып, / Көзүнөн чыккан жалыны, / Туулгага жабылып, / Коросондун колуна, / Аралап кирди чамынып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Найзаны жерге мылгы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кылар ишин болжолдоп, / Ал Манастын тобуна, / Качырып кайра жетерде, / Хан Семетей баатырды, / Капталга койуп кетерде, / Кайгырбай да камыкпай, / Карап турат Семетей, / Калт этип коркуп элебей, / Көкжал туулган түгөнгүр, / Көрүнөө келген ажалды, / Бучкагына теңебей!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Өкүнчү батпай ичине, / Өлгөндү алып эсине, / Каары келип камыгып, / Бар жарагын жам кылып, / Калтырбай алып ат минип, / Кабаттап темир тон кийип, / Бастырып жөнөй берерде, / Манжулардын Ботогой, / Ал Ойротко жол койбой, / Ач…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →