камчылан

китептерде 16 жолу, 6 китепте
  1. Атын же башка минген унаасын камчылап бастыруу, камчы менен чаап, тезирээк жүрүүгө аракеттенүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рүп калды Бекбача, / Карасурду камчылап, / Кара ниет Калдыктын, / Көзүнөн каны тамчылап, / Бактыбайга жакындап, / Чукул кирип барганда, / Алдындагы сур атты, / Камчыланып алганда, / Кутуласың кантип деп, / Алчыланып алганда, / Татыбекти Такырбаш, / Алып кетти ат салып, / Бактыбайга хан Калдык, / Найза урду сурданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ушул сөздү укканда, / Арданды катуу Тобуке, / Камчылана жөнөдү, / Астындагы керкини, / Баргыла деп айтпады, / Алдында турган беркини. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Атыңды кошуп, азамат, / Жашырбай айтып бериңиз, / Атап айта кетиңиз, / Эл башкарган бегиңиз, / — Алчыланып Алтыке, / Алдында минген Коңурсур, / Камчыланып Алтыке: / — Арып-чарчап келатсам, / Салмак болдуң көп кепке, / Бетбактуу биздин жерибиз, / Кара калпак элибиз, / Атын уксам Карманап, / Эл башкарган бегибиз, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Кызыл атты катуу камчыланып кетип баратканы бизге кыйын тийип, аяп, артынан карап, кала бердик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал кызды көрүп сулуулугуна суктанып, жигиттин эси ооп калат да, кушун камчыланып чапкан бойдон канга барат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →