камчыла
- Камчы менен чабуу, сабоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өтө андес Чакмакташ, / Андай эчен чапканды, / Жаздырып көнгөн чаптырбас, / Алдындагы тулпарды, / Болушунча камчылап, / Тоодой болгон Сазандын, / Ээк алдына өттү эле, / Ташка тийип найзасы, / Сан барча болуп кетти эле, / Пил экен минген аты деп, / Алдынкы ээрдин кашы деп, / Табарсыктын башы деп, / Найза менен муштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара мүртөс неменин, / Кара көздөн жаш чыгат, / Дагы кирди ал Отор, / Минген атын камчылап, / Беттешип Отор жеткенде, / Периштенин үнүндөй, / Бек ачуу үнү жетти эле, / Белдүүдөн тирүү Күлүстөн, / Үн угузуп өттү эле, / Күлүстөн үнүн угабы, / Күлүстөн үнүн укканда, / Көмөрүлбөй турабы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Камчылап атын чуратып, / Артынан чаңын чубалтып, / Найзасын күүлөп бакырып, / Үчөө келет бакырып, / Бир тарапка Кененим, / Чыга берди булт койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алдында атын камчылап, / Салып жетип келди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жүз камчыласа чым этпеген, казысы көнөчөктөй бир кашка айгыры болучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →