камты
- Бир нерсени чогулта, бириктире кармоо.
- Өз ичине алуу, чогуу ала кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түктүүкурттун белинен, / Камтый кармап алганы, / Айкөл Манас колдо деп, / Айкырыкты салганы, / Түктүүкуртту алп Бозой / Так көтөрүп алганы, / Ажалы жетип Куларык, / Карап турган убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ойунда Отор ушундай: / “Каржиликтен кажасам, / Карчытына катыра, / Камтый белден кармасам, / Элетпей туруп бурутту, / Как дөбөгө барбасам, / Капташтырып корумга, / Чалкасынан салбасам, / Амалы кетет абыдан, / Кылычтап башын албасам, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Көңүлү мага тийди, — деп / Менин эрдигимди билди, — деп / Кишинин баарын камтыган, / Айтканын көрчү кебин” деп / Ачууланып куткарбас: / — Ой, Тапан хан бери бас, / Оң тескери сүйлөнбөй, / Акыл ойлоп кебиңди айт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ “Гүлчоро кылган иши — деп, / Билип калсын абам — деп, / Камтый кармап беш-алтоон, / Сууга салып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Арып чарчап келген кишилер, келер менен ары-бери камтып, бирдеме ууртамыш болдук да жата кеттик...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →