камсыз

китептерде 22 жолу, 7 китепте
  1. Бардыгы шайма-шай, жетиштүү, толук даярдалган.
  2. Эч бир даярдыгы жок, камданбаган, чак болуп турбаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Билип калып Бекбача, / Барбагын деп токтотуп: / — Матан менен Конушбай, / Тамаша көр көөнүң жай, / Камсыз болгун кайгырбай, / Бекбачадай уулуң бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Камсыз болсо Семетей, / Как төбөдөн басайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кой арыгын сойбосун, / Келечегин ойлосун, / Бар керегиң жам болуп, / Камсыз конок болбосун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— Сүйтсе да аныгын билмей чыккансындар гой,— деди бизге өзү бир камсыз болуп бара жаткан кишидей. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жети жыл бою жолоочулардын бардыгын багып, кийим, оокат менен камсыз кылат, Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →