кампай
- Чоң, чыңалып турган көрүнүштө болуу.
- өт. Өзүн жогору сезип, көтөрүлүү, мактануу, компоюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлгөндөргө кун алып, / Көзү жокко пул алып, / Киришибиз чыкканча, / Кампайта биз мал алып, / Кетели деген ой менде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эки күн турса дем алып, / Карды тойуп кампайып, / Караандуу киши кептенип, / Калат дечү дампайып, / Кара жайга күч келсе, / Качып барып бир жерге, / Калат дечү жалбарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Келинди көрсө керилип, / Кеп сүйлөбөй эринип, / Катынды көрсө кампайып, / Катарга албайт тегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…өсүздөн бир күнү, / Эл – журтуна туйгузбай, / Жоо – жарагын жанга алып, / Алмабаш таштап үйүнө, / Көзүр Чубак көкжалдын, / Ташкелтесин асынып, / Тулпарды минип кампайып, / Алтайды карай бет алып, / Жөнөп кетти теңселип, / Эсинен кетпейт ар күнү, / Кең Бейжинге барышы, / Атанын тилин албаган, / Кара мээнет Сейити, / Кара мендер…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эки буту салбаңдап, / Капшытын керип кампайып, / Көк буканын үстүндө, / Көпкөн суурдай дампайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →