камка
- Алтын же күмүш жип аралаштырылып согулган бышык жибек кездеме. Кээде ошол кездемеден тигилген кийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таласка көчүп барыңар, / Жайыктан конуш алыңар, / Камкалуу жерди талашып, / Калба кылып калбаңар, / Жайылмага Жамгырчы, / Кеңтескейге Текечи, / Жакакташка Жакып хан, / Кеңартууга Шыгай хан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызылдан жапты камканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Камка тондун тышымын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Камкам менен Замзамды, / Иштетиптир пайгамбар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Каракан кызы Каныкей, / Катындан чыккан уз эле, / Камка тондун тышы эле, / Ак калпак элге эне эле, / Ак олпок тонго жең эле, / Түркүктөй элге бел эле, / Акылдын чыккан кени эле, / Сүт урган көркоо Канчоро, / Эмчегин эмген дээр эле, / Кадырын суттун кыларбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →