камера1
- Айрым мекемелерде же уюмдарда жүктөрдү сактай турган өзүнчө бөлмө.
- Машинанын (техникалык жабдуунун, прибордун же курулуштун) ичиндеги туюкталган көңдөй жер, боштук.
- Футбол, волейбол тобунун, шинанын ж.б. ичине киргизип, жел толтуруучу резина баштыкчасы.
- Сүрөт тартуу үчүн ичине пластинка же пленка салынып, жарык киргизбей турган фотоаппараттын ички бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.