камдуу

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Камы бар, ар нерсеге кам көргөн, беленденген, даярданган, камкор.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Салмоор урчуу камдуулар, / Бойу узун шаңдуулар, / Азоого чалма урчуулар, / Куш кармоочу торчулар, / Дайар болгун барыңар, / Баарың амал кылыңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алтымыш миң камдуу аскер, / Санаты жок кара аскер, / Алты баатыр эки күн, / Айанбастан чардашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андан кала бергенде, / Алдуусу бар алсыз бар, / Камдуусу бар, камсыз бар, / Пулдуусу бар пулсуз бар, / Телегейи тең эмес, / Жетиги бар кеми бар, / Андайларын чогултуп, / Өзү тапкан дүйнөсүн, / Садага кылсак ал кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жаңылап найза алганда, / Каарданып чоң Калча, / Кайратына карк болуп, / Бүткөн бойу нымыгып, / Эти араң ысыган, / Сейитиге бет алып, / Камдуу найза өткүр миз, / Муштап өттү сооруга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Камсыз келбей, камдуу кел, / Алда кандай күн болот, / Өзүңө керек буйумуң, / Калтырбай баарын ала кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →