камдан
- Даярдык көрүү, белен болуу, бир нерсеге карата кам жеп, беленденип туруу.
- Оңтойлонуу, бир нерсени аткарууга, иштөөгө оңун келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Койгон бойдон Малабек, / Козубекке жеткени, / Козубекти атына, / Мингизип жаткан кездери, / Карасурга хан Калдык, / Кайра минди камданып, / Кандуу найза карманып, / Козубек менен Алабек, / Катар сайды кара нээт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айткан кепке болбосоң, / Арманың ичте калбасын, / Айанбастан камдангын, / Камың бүтүн болгончо, / Камаарабай мен бармын, / Кагышар болсоң бел байлап, / Аркаңда аскер жардасын, / Ачакан менен Саламат, / Ажырап андан сен калдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде айкөл шер, / Көзүн ачып, каш серпип, / Тегерете карады: / — Үй тиккиле камданып, / Алмамбет менен Чубакты, / Көчүрүп кел жабылып, / Аркада калган эл келет, / Тогуз-он күн аз калды, - / Андан башка кеп кылбай, / Ушул болду айтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үч күн жатып камданып, / Абаң Бакай, Семетей, / Шер Гүлчоро Сейитек, / Кутубайдын кара дөө - / Бешөө чыкты аттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Пристав бирдеме- дегени камданып келе жатканда Ыбыке:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →