камда
- Даярдап коюу, белен кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Орунбай уккан кабарды, / Элөөсүз жумшап адамды, / Көрүп келген көз менен, / Беш урук эли чогулуп, / Болуп жаткан абалды, / Камдап койуп миң балбан, / Орунбай өзү асталап, / Кененимге барганы, / Уккандарын калтырбай, / Бардлык кебин салганы, / Угуп болуп Кененим: / — Ордонун беги Орунбай, / Орунсуз го бул кебиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өйүзү сеңир ак урчук, / Жээн жайлоонун чоң тумшук, / Күүлөп-күүлөп имерди, / Урчукка койуп жиберди, / Урчуктун ташын камдады, / Өчөшкөн калмак Отордун, / Эти турмай сөөгүнүн, / Дегеле дайны калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…а, / Беш кабат катар кийгени, / Тизесинде кисепче, / Үзөнгүдө калдыркан, / Алдынкы ээрдин кашында, / Жойкумасы байлалуу, / Эки миздүү канджардан, / Алтоо-жетөө камдалуу, / Сарапча тартып көзүнө, / Көргөн киши таң калат, / Бул капырдын өзүнө, / Өчөшүп жаман келатат, / Темиркөккө актанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Энчиге беш жүз жылкы айдап, / Отуз төөгө жүк камдап, / Отунчу менен казанчы, / Санаты жыйырма экен, дейт, / Чоңтескей келип конду, дейт, / Бир бала келди кабарга, / Маа айтканы ушул кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →