камгак

китептерде 25 жолу, 7 китепте
  1. Талаада жана чөлдөрдө өсүүчү, бышып, куурап калган кезинде шамалга туруштук бере албаган эбелектей жеңил өсүмдүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тоодой Табан камгактай, / Томорулуп кеткени, / Жер тайанып копкунча, / Эшик эндүү ай балта, / Чыкыйга чаап өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мен-мен деген үч балбан, / Катар учту камгактай, / Коркуп турат коросон, / Кырат экен бизди деп, / Бир кишини куткарбай, / Алоолонуп кеңкула, / Жаңыдан кызып алыптыр, / Жанашып шамал жете албай, / Чаңы аркада калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кан ичмек каапыр Бозкертик, / Каңгып кеткен найзасын, / Кайра колго алганча, / Хан Алмамбет баатырды, / Качырып жана сайганча, / Кыран Сыргак жеткени, / Кыйынсынган Бозкертик, / Минген аттын үстүнөн, / Камгактай учуп кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Камгактай сайып Уушаңды, / Ат үстүнөн учурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Качырган балбан Калкатай, / Сомбилек көзгө камгактай, / Маңгыттар байкап караса, / Каршылашкан Сомбилек, / Басуучу жолу тайгактай, / Жаш бала өлүп кетер, деп / Көзү ачык кетет бекер, деп / Каманчы кунун кубам, деп / Калкатай кирди кекерлеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →