камбыл

китептерде 43 жолу, 9 китепте
  1. Сарамжалдуу, ар нерсеге камы бар, даярдык көрүп, камынып койгон.
  2. Шамдагай, ар нерсеге маш, машыккан, чыйрак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайра качып биз келдик, / Ошолордон коркконсуп, / Кара шаарда жай жаттык, / Камбылда жүрүп мал таптык, / Отордун кебин тыңшабай, / Же козголбой биздер жатпапбыз, / Коктукаттын шаарына, / Бүгүн бир түнөөгө батпапбыз! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп, Дабытай күркүрөп, / Найзасын ыргап кезкерип, / Качырып сала бергенде, / Камбыл тууган Кененим, / Ар иштин жолун так билген, / Даңгыл тууган Кененим, / Тогуз жаштан бер жака, / Тоодой нечен дөө сайып, / Азуусун айга бүлөгөн, / Ааламды ьуза… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Кана Кошой абам?-деп, / Керкөкүлдүн айтканы, / Ырчы жооп айтпады, / Айтпагандын себеби, / Карачоро Камбыл алп, / Тебетейдей ырчыны, / Ыргыта сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Камбыл баатыр Карадөө, / Токой деген баланы, / Жолдош кылып алганы, / Бөлүнүп элден калганы, / Кайыпчынын кырынан, / Дүрбү салып карады, / Туш-тушка көзүн салганы, / Көрүндү көзгө өндүрдөн, / Бир топ жандын карааны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Күрөшкөндө, жумушка келгенде өзү теңдүү балдардын камбылы. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →