камбар
- Өзгөчө касиети бар мыкты жылкы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Бабай Камбар олуйа, / Сылаган тагы барбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лайлар, / Сийип ийген чагы бар: / Алдында минген кула аттын, / Кулагында шамы бар, / Маңдайында багы бар, / Куйундай бүткөн жаныбар, / Соорусунда кула аттын, / Камбар ата сылаган, / Беш колунун тагы бар: / Аркасында айкөлдүн, / Учкашкан кызы дагы бар, / Шөкүлө кийген башына, / Көрүп айран калышты, / Тагынган шуру ташына, / Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Атын уксаң мамындай: / Караногой Мажиги, / Камбардын уулу Чалиги; / Кайгуул, Бөкүл, Торолчу, / Кабарга кыйын болуучу; / Шыңгынын уулу Кербени, / Шыптуу кашка дүрбөөнү; / Саргыл аттуу Затайы, / Ал жандардын Атайы; / Үйшүндөрдүн Үмөтү, / Үмөтаалы Жайсаңы; / Бообек, Шаабек, Шүкүрү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алып келдим жанагы, / Күлдүр менен Камбардын, / Эки эркек балдарын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Камбар ата сылаган, / Ай соорунун түзүндө, / Минген аты Аккула, / Айбандан башка жаныбар, / Аккула минип залкайып, / Алатоодой заңкайып, / Алдыда баштап айкөл шер, / Келе жаткан чагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →