камалуу
- Камап коюлган, камалган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен түшүмдү айтканы / Сүйүнүп жүрөт Көкбука, / Сейиттин жүзүн көрсөм деп, / Көп жылдан бери жолуңда, / Алп кара куш Сумурук, / Карып болуп кайран куш, / Карадөөнүн колунда, / Камалуу турат торунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Найзаны ууга суугарган, / Заары тарап бойуна, / Эки күндө Тапан хан, / Кетчүдөй сапар жолуна, / Сейити жолдо камалуу, / Тапан хан болгон жаралуу, / Тапан хандан айрылсам, / Анда кандай болом, деп, / Желмогуз болуп саналуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →