камала

китептерде 15 жолу, 7 китепте
  1. Тегерете курчоого алуу, камап кирүү, тосуу, кысымга алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ктын аскери, / Ороп кетти чуркурап, / Оозунан тартып Бекбача, / Оңолуп артын караса, / Каратаандай көп Маңгыт, / Тегеректеп калыптыр, / Каракөздүн калың кол, / Камалашып алыптыр, / Аралап тиер жери жок, / Камал бузган кара көк, / Тартынып калаар жери жок, / Манастап баатыр бакырып, / Бар кайратын ашырып, / Бир жеринен көп элге,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачык билет жер сырын, / Ким билет ички чын сырын, / Биз жатпайлы мааналап, / Тегеректеп туш-туштан, / Тоспосун бизди камалап, / Ачаканга алдырсак, / Бизге калат жаман ат, / Аралап кирип кол салба, / Чогуусуна жол салба, / Качпасын чубап бир жакка, / Сен Саламат жол кара. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жарма ичимде келгени, / Камалап турган эр-катын, / Арасын ача бергени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жашыл жээкте жүргөндө, / Оймоктуудан уз алдың, / Бети кызыл кыз алдың, / Өңү жылуу катынды, / Эринен тартып аны алдың, / Элебей жүрүп дердейип, / Элден чыгып сен калдың, / Аралап барсаң айылга, / Ажалдан мурун өлөсүң, / Чалма кесек таш менен, / Такыр урат камалап, / Биринен бири кабарлап, / Келе берет сабалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бура кайра ал тартып, / Кылчайып артын караса, / Камалаган капырлар, / Капырлардын калкында, / Канча түрдүү баатыр бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →