камак

китептерде 2 жолу
  1. Камалгандарды отургуза турган түрмө, камоого алынуучу жай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Казактардын Семети, / Ат койгон бойдон жетти эми, / Желип чыккан Көктеке, / Чылбырынан кармады, / Ыргытып чылбыр Чубакка, / Камакка салды жаңжалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Боз дөбөнүн бетинде, / Салкын зыркыраар мезгилде, / Чоңкуланы жетелеп, / Турган экен көкжалың, / Көргүн мунун айбатын: / Карагандан жан чыгып, / Камагандан кан чыгып, / Аркасынан арыстандын, / Айдай кара жол чыгып, / Зыркыраар болуп ызгаары, / Жаалысы келип көз жайнап, / Ак мейкин зоодой турганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →