кам3
- Бышпаган, бышып жетиле элек, көк, чийки (эгинге, жемиштерге ж.б. карата).
- Ашатуу, ийлөө жолу менен иштетилбеген (териге карата).
- өт. Чала, толук бүтүрүлбөгөн, аягына чыгара иштелбеген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кары-жашың- баарыңар, / Жай жаткыла кам кылбай, / Эркек-айал-баарыңар, / Айткан кепти угуңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…зса, / Суудай кургап калалы, / Бадананы токтотуп, / Сөз байлашып жаналык, / Билмексен болуп Саламат, / Кыргызга барып аралап, / Үйүңө барып камың кыл, / Биздер камды кылалы, / Келер жылы он айда, / Дабытай менен Ачакан, / Бул жерге тайар туралы, / Беш күн туруш болжолу, / Өтүп кетсе беш күндөн, / Таласка карай жылалы, / Кыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жакып байдын Туучунак, / Сыргак кармап миниптир, / Сыздырып жолго кириптир, / Келер иштин бардыгын, / Ойлой жүрөт Каныкей, / Керек болор эмесин, / Камдай жүрөт Каныкей, / Эбеп, себеп дары бар, / Апы-сапы дагы бар, / Кырма-кызыл кыйын бар, / Кайнатма кара жана бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Башка ажал жеткенби, / Сыймыгым камып кеткенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →