калыңда
- Калың кылуу, калың болуу.
- Жыш болуу, көбөйүү, коюулануу.
- Жылуулануу, кийимин калың кийинүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Мен кетемин күүгүмдө, / Түн бойунча жүр” деген, / Күн жамгырлап киргенде, / Тажиктин эли кетиптир, / Тажиктердин Көкбөрү, / Өзү жайчы өрт бөрү, / Аркасы бүркөк, алды ачык, / Элин баштап жөнөдү, / Из кубалап келет, деп, / Арка жагын калыңдап, / Ак атанды чөгөрдү, / Арбак урган чочконун, / Ар амалы көбөйдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Күн эртең мененкиден калыңдап, асмандан жылчык көрүнбөй бүтөлүп алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мынабу асманга төбөсү тийип тургандай, бийик заңгилди минип турган коюу, кара булут түнөрүп, улам калыңдап, бери карай чабуул жасап эңкейип келет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →