калыстык

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Калыс мамиле кылуучулук, чынчылдык, баарына тегиз караган адилеттүүлүк.
  2. Эч бир тарапка кошулбай, калыс кылуучулук, эки тарапка тең бирдей мамиле кылуучулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ажыратып жиберсең, / Ардыгым жок, Куткарбас, / Калыстык кылбай кас кылсаң, / Кубат кылар Куунайзаң, / Кутулбайт тирүү, Куткарбас! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сары хан сардар карыйа, / Калыстык кылды баарыга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эгер силер элдин чын камкору болсоңор, калыстыгыңар кайда? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ушул кантип калыстык болсун, силер экөө, кыз жалгыз, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Ушул кантип калыстык болсун, силер экөө, кыз жалгыз, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →