калчылда

китептерде 14 жолу, 8 китепте
  1. Калч-калч этүү, калтыроо (үшүгөндө, корккондо ж.б. учурларда).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Перини тиктей делейип, / Бекбача катып селейип, / Ачкан оозу жумулбай, / Тиктеген көзү ирмелбей, / Үшүгөндөй калчылдап, / Бекбачанын көзүнө, / Деңиз толкуп жаткандай, / Жердин бети калкылдап, / Колу буту токтобой, / Титиреп турат калчылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мөңкөтай көзүн ачкынча, / Медеркан кирди аңгыча, / Медерканды бир карап, / Мелтилдеп көзү жалжылдап, / Баштагыдан беш бетер, / Титиреди калчылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…бүркөлүп карарып, / Кара нөшөр күн куйуп, / Мойну ылдый суу агып, / Тиктеген кирпик ирмелбей, / Күн карсылдап чагылып, / Чакмак чагып жаткандай, / Жер силкинип калчылдап, / Чарт айрылып аткандай, / Тоо козголуп калтылдап, / Таштар кулап жаткандай, / Көл чайкалып дүрүлдөп, / Кургак жерди баскандай, / Сел келип кыйан бууланып, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Карадөөнүн кенжеси, / Кебине мунун түшүнүп, / Көзүнөн көзүн айырбай, / Карап калып бир далай, / Кеги калган жетим бу, / Сасык тумоо тийгендей, / Кара бойу калчылдап, / Токтоно албай өзүнчө, / Кан ичменин тукуму, / Кайраты кетип бойунан, / Көзүнүн жашы куйулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Карап туруп чоронун, / Кара бойу калчылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →