калча2

китептерде 299 жолу, 9 китепте калча 1 →
  1. Саканы же бир нече тараптын атынан чыгарылган чүкөлөрдү жерге жая таштап, оюнду ким мурда башташ керек экенин аныктоо, дарттикем оюнунда чүкөлөрдү жая таштап атуу.
  2. Топ таштын таштарын экчей таштап алуу.
  3. өт. Бирөөнү убара кылуу, шакаба чегүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шибе менен солонго, / Кара кытай, манжуга, / Айдалып жүрүп моңгулга, / Ата-баба тукум кууп, / Кылып жүргөн калчалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бараң менен Шанхайды, / Жөөт менен тарсаны, / Жуда менен калчаны, / Каракалпак, Кыйваны, / Баарын мындан куткарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кереметтүү зор калча, / Келгенимди билиптир, / Кетеримди билиптир, / Шамдай болгон кырк бала, / Жол тостуруп койуптур, / Маңдай-тескей карашып, / Булар көчө болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Музой Калча жаш эле, / Кырк үйлүү ошол Калчанын, / Баарысына баш эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алп Коңурбай зор калча, / Бастырды өзү жайма-жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →