калтырак
- Дененин калтыраган абалы, токтоно албай калтыраган көрүнүш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шаңкайлыктын малы бар, / Баарын угуп Дабытай, / Эки көзү жалдырап, / Колу-буту шалдырап, / Тил байланып, балдырап, / Бойго кирип калтырак, / Олтуруп кетип бир далай, / Чоңдорун такыр чогултуп, / Топтуу караан олтуруп, / Коросондун Дабытай, / Короосунда күпүлдөйт: / — Кыргыздан келген кызталак, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Уул, кызың барбы, деп, / Чыйырды энең сурады, / Ошондон бери кетелек, / Менин муунума кирген калтырак!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тимден башкасы, / Баатыр Тапак, Чойтолоң, / Тазкара менен Конушбай, / Аркасынан аскери, / Эстери чыгып туралбай, / Эт жүрөгү болкулдап, / Кара бойу токтобой, / Калтырак кирди солкулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сен тилдесең жемелеп, / Элди басат калтырак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Калтырак кирди калкына, / Калкы маңгыт жалпыга, / Кайраттанды ошондо, / Кабылан сындуу жаш бала.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →