калтыра
- Чыйрыкканда, катуу үшүгөндө, кубанганда, корккондо, ачуусу келгенде ж.б. учурда токтоно албай титирөө, калч-калч этүү.
- өт. Сараңдык кылуу, дүнүйөгө, оокатка кароо болуу, зыкымдануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…атын чакырып, / Үнүн уккан балбандар, / Акылынан жаңылып, / Анча-мынча кишилер, / Ат үстүндө токтобой, / Томолонуп жыгылып, / Карга башы тыгылып, / Ат басалбай калтырап, / Таштар кулап калдырап, / Муздар көчүп шалдырап, / Жер айрылып ачылып, / Жетимиш миң киши экен, / Эстен танып шашылып, / Жан жагына карашып, / Үңкүргө кирип …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт дешип, / Кененимге кези…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…не үчүн бүркүтүн, / Агытып ийди экен, деп, / Агийинди абакем, / Агытпады бекер, деп, / Аңгычакты ар жактан, / Каныкей келди эпеңдеп, / Басып келди хан Бакай, / Калтырап муун тепеңдеп, / Желге ыргалып абаңдын, / Кыл сакалы сеңселет, / Теңселе басып Айчүрөк, / Бу да келди энтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Албарс жанда жалтылдап, / Ар кандай киши калтырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →